7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

1009

Бүгүн, 6-декабрда президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1010