7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда бала бакчада балдар жапырт ууланды

626

Казакстандын Түркестан облусундагы менчик бала бакчада балдар тамак-ашка жапырт ууланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, балдарга эртең менен ботко, түштө шорпо берилген. Тамактангандан кийин бөбөктөрдүн абалы начарлап, кусуп баштаганда тез жардам чакырылган.

Эки жана үч жаштагы 34 бөбөк ууланган. Алардын көбү биринчи медициналык жардам алган соң, үйүнө кеткен. Ал эми ооруканада үч бала калган. Дарыгерлердин айтымында бейтаптардын абалы туруктуу.

Учурда санитардык дарыгерлер жапырт уулануунун себебин аныктоо үчүн лаборатордук изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.

627