7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын жараны ири өлчөмдө баңгизат менен кармалды

692

Панфилов районунда Казакстандын жараны ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга Панфилов районунда белгисиз азият улутундагы жарандар көп убакыттан бери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш ишин козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларанын жүрүшүндө Бишкек — Чалдовар унаа жолунан 1975-жылы туулган К.Т. аттуу казак жараны кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан жалпы салмагы 3 670 граммды түзгөн баңгизат алынган.

Криминалистикалык кызматы алынган заттын 1865,58 граммы апийим жана 1432,65 граммы кара куурай чайыры (гашиш) экенин аныктаган.

Учурда кармалган жаран КР мыйзамдарына ылайык, Панфилов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693