7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде стоматологиялык клиниканын директору кармалды

680

Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалганын УКМК билдирет.

М.Т.О. өзүнүн башкы эсепчиси жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, стоматологиялык клиниканын мурда иштен бошотулган кызматкерлерине билдирбестен, Кеминдеги банктарда алардын атына эсеп ачкан. Андан соң, эмгек акысын төлөп берүү шылтоосу менен, 2017-2023-жылдар аралыгында акча каражаттарын которуп, накталай акчага айландырган.

Ал өзүнүн жакын туугандарын, кызын жана жубайын жумушка тариздеп, аларга эмгек акы эсептелинген, бирок иш жүзүндө алар иштеген эмес. Алдын ала мамлекеттик бюджетке 5 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

681