7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ 18-июлдан 22-июлга чейин сел жүрүшү мүмкүн деген жерлердин тизмесин жарыялады

248

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүндөгү 18-22-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолун билдирет.

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Ноокен райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
— Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз “112” кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

249