7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт көмүрдүн баасына 90 күндү чектөө киргизүүнү тапшырды

2651

Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны 90 күндүк белгилөө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков, бааларды бекитүү ар бир аймактагы көмүрдүн коруна жараша бекитилээрин билдирди.

«Көмүрдүн баасы корунан көз каранды болууда. «Кыргыз көмүр» ишканасы быйыл көмүр жеткирүү ишин кеч баштады. Андыктан баалар көмүрдүн көлөмүнө карап жогорулап кетип жаткан учурлар болуп жатат. Министрлер кабинетинин чечими бизге бүгүн келип түштү, ашыгы менен 1 жуманын ичинде ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө карап максималдуу бааларды бектип беребиз жана ошону көзөмөлдөйбүз» -дейт Тайлаков.

Ошондой өлкө өлко ичинде Кара-Кеченин көмүрү тартыш болуп жатканын, башка көмүр кендеринде, кампаларда көмүрдүн кору жетиштүү экендигин эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2652