Жалал-Абадда таштандыга акы төлөөдөн качып, таштандыларын өрттөгөн Аль-Мадина (Адилет) базарына айып пул салынды.
Маалыматка ылайык, “Аль-Мадина” базарынан чыккан таштандылар базардын чок ортосунда күн-түн дебей өрттөлүп жок кылынат. Өрттөн чыккан түтүн, жагымсыз жыт базардын айланасында жашаган жашоочулардын нааразычылыгын жаратты.
Алар жергиликтүү бийликке маселени чечип берүү боюнча кайрылып, жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын тазалыгын сактабаган жана экологияга зыян келтирип жаткан базар жетекчилигине карата 23 миң сом айып пул салды.
“Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинен билдиришкендей, шаардагы “Борбордук базар” таштанды үчүн ай сайын 100миң сомго чукул акча каражатын төлөйт. Ал эми “Аль-Мадина” базары таштандыга акы төлөбөөнүн амалы катары бир топ убакыттан бери таштандыларын өрттөп келген.