7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КММИУда 2 жылдык жогорку адабий курс ачылды

507

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасына ылайык, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун базасында акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган 2 жылдык жогорку курс ачылды.

Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаеванын демилгеси, аракети жана окуу жайдын көмөгү менен ачылган бул жогорку курска адабиятка кызыккан, жогорку жана кесиптик орто билими бар бардык каалоочулар окуй алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уруксат берилип, кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул саамалык кыргыз кесипкөй адабиятынын 100 жылдыгынын урматына ачылды. Жазуучулуктун, котормочулуктун сырлары терең үйрөтүлөт жана кыргыз фольклору терең окутулат.

— Академик, профессорлордун, практик акын-жазуучулардын лекциялары
— Мастер класстар
— Машыгуу сабактары
— Талкуулар
— Жолугушуулар, конок лекциялар
— Презентациялар

Байланыш үчүн тел: 0990 556 375 0700 378 811

508