7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Ч.Айтматовдун үй-музейине барды

480

КМШга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте өткөн КМШнын коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отурумунун алкагында КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган музейде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилерине Ч.Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов экскурсия жасап, залкар жазуучунун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырды.

Айтматовдун музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов — жазуучу, философ, гуманист жана коомдук ишмер. Музейдеги көргөзмөлөр улуу жазуучу, терең ойчул, дүйнөлүк масштабдагы коомдук ишмердин көп кырдуу ишмердүүлүгүн даңазалап турат.

481