7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кофени көп ичүү теринин бузулушуна алып келеби?

527

Орусиялык диетолог Лисси Лакатос кофеден баш тартуу организмге кандай жардам берерин айтып берди. “Эгер сиз кофесиз жок дегенде бир ай жашасаңыз, анда денеңиз сизге ыраазы болот” ,- дейт диетолог.

Кофенин зыяндуулугу:

  • Кофеден баш тартуу уйкуңузду бир топ жакшыртат . Чындыгында, кофеин стимулятор болуп эсептелет, ал мээнин жана нерв системанын ишин тездетип уйкуну ачат. Ошондуктан кофе ичкенде уйку ачылат дешет. Бирок, анын таасири тийип бүткөндөн соң уйку кайра көп келе баштайт. Андыктан, бул суусундуктан баш тартуу сизге дени сак режимди түзүүгө жардам берет.
  • Кофе көп ичкендердин тиштери бузулуп, бара-бара эмалды алсыратат. Кофедеги кофеин оозду кургатат, шилекейдин функцияларынын бири бактериялар менен күрөшүү. Башкача айтканда, оозуңуз канчалык кургаса, ошончолук тиштин кариес болуу коркунучу жогору болот. Жалпысынан алганда, бул суусундуктан баш тартуу тишиңизди сактоого жардам берет.
  • Кофе данында пайдалуу антиоксиданттар абдан көп болсо да, кофени үзгүлтүксүз колдонуу теринин картаюу процессин тездетет. Чындыгында кофеин денедеги коллагенди, теринин ийкемдүүлүгүн сактап турган белокту иштеп чыгуу ылдамдыгын азайтат. Демек теринин өңү өчүп, ал тургай чарчаңкы абалга кептелет. Кээ бир илимпоздордун айтымында, кофеиндин чоң дозалары аш болумдуу заттардын сиңишине тоскоол болушу мүмкүн. Демек, бул нерсе теринин бузулушуна алып келет.
  • Диетологтордун айтымында күнүнө эки-үч стакан кофе ичсе болот. Кофеиндин суткалык дозасы 300 мг.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528