7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кокустук. Көпүрө сынып, жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду

693

Кечээ  түштөн кийин  Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдогу көпүрө сынып, андан өтүп бараткан жол тейлөө иш канасынын кызматкери экскватор менен түшүп кеткени ӨКМдин аймактык бөлүмүнө кабарланган.

Аталган жерге, жарым саат ичинде Кара-Кол шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан куткаруучулар барган. Андан кийин, кечки 19:40 чамасында Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 19 куткаруучу облустук суу чарба башкармалыгынын кранын айдатып барышкан.

Кечки саат 20:00дөн өтүп унаадан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Сууга чөгүп кеткен жараан 45 жаштагы жол тейлөө ишканасынын кызматкери А.М. аттуу жаран болгон.

Айта кетсек, 13-июнда жаандан  Жети-Өгүздө  суу ташып анын кесепетинен 3 үйдү суу каптаган .Андан тышкары Көк –Жайык айылына кеткен жолдогу төртүнчү көпүрөнү агызып кете жаздаган.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып оңдоо иштерин жүргүзүп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694