7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конгресс демократ Жо Байденди Президент деп бекитти

347

Америка Кошмо Штаттарында Конгресс демократ Жо Байденди Президент деп бекитти. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости сайты кабарлады.


Ага ылайык, Байден шайлоочулардын 270тен көп добушун алган. Ал добуштар конгресс тарабынан бекитилди.

Байден Трамптын мигранттарга каршы чектөөсүн алып салууну убадалады
7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.


Добуш берүүнүн жыйынтыгы конгресс тарабынан бекитилгенден кийин Трамптын конституциялык жол менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү калбай калды.


Соттор да эч кандай жардам бере албай турганы айтылды. Анткени конгресс мыйзамдуу түрдө кабыл алган чечимди жокко чыгарууга өлкөнүн эрежелери жол бербейт.


Ал эми мурдагы Президент Дональд Трамптын социалдык тармактардагы бардык аккаунттары блоктолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

348