ӨКМге Кореядан 4 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Расмий кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев жана аталган өлкөнүн «GO&DO» социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.
Унааларды берүү боюнча Кыргызстан менен Кореянын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.