7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“КР жарандыгы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

303

Садыр Жапаров “КР жарандыгы жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.“КР жарандыгы жөнүндө”мыйзамдын ички карама-каршылыктарын жоюу жана жарандык маселелерин кароо процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.

Кабыл алынган мыйзам менен “КР жарандыгы жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат:

– Кыргыз ССРинде төрөлгөн жана 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен кыргыз ССРнин же КР аймагында документтештирилген, туулгандан тартып Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар дагы КР жарандары болуп саналат;

– ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси бала туулган учурда КР жараны болуп саналса, чек арага чектеш мамлекеттин жарандыгын кошпогондо, бала туулган жерине жана балада чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, КР жараны болуп саналат;

– ата-энеси же жалгыз атасы, же энеси этностук кыргыздар болуп саналган чет өлкөлүк жарандар болгон КР аймагында төрөлгөн бала КР жараны болуп саналат;

– КР жарандыгынан чыгууга жол берилбеген учурлардын тизмеси КР улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген учуру менен толукталды;

КР жарандыгын жоготуу негиздери төмөнкү негиздер менен толукталды:

1) КР жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз болгондо чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат түшүүсү;

2) туулгандыгы боюнча КР жараны болуп саналбаган, КР жарандыгына кабыл алуунун натыйжасында КР жарандыгын алган КР жараны КР улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөн, же чет мамлекеттин аракеттеги аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызматта турган учурда;

– КР жарандыгына кабыл алуу, чыгуу жана жоготуу жол-жоболорун жакшыртууга багытталган редакциялык (тактоочу) мүнөздөгү башка өзгөртүүлөрдү киргизүү.

304