Душанбе шаарынын жанындагы аймактан 9 киши «Крокус сити холлдогу» терактыны жасагандарга тиешеси бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Вахдат районунун 9 жашоочусу Москва облусунда болгон «Крокус сити холлдогу» терактыны жасады дегендер менен байланышы болгону үчүн кармалды.
Эскерте кетсек, 22-март күнү кечинде «Крокус сити холлдун» концерттик залында теракт жасалган. Акыркы маалыматтар боюнча, 143 адам каза болгон. Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 8 киши камакка алынды.