7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурунку аялынын кулак, мурдун кескен адам 8 жылга кесилди

879

Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган аялдын мурдагы күйөөсүн «зордуктоо» беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 7-каналга Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш боюнча апелляциялык арыз 27-сентябрда каралган. Сокулук райондук сотунун ушул жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөт алынды.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял кулак-мурду кесилген, сабалган абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган. Келинге алгач сегиз сааттык операция жасалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Денеге оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880