7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөрдүн башчысы райондун жетекчилери менен жолукту

399

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун мамлекеттик администрация башчылары жана айыл өкмөт жетекчилери менен жолукту.

«Кумтөр Голд Компани» менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мындай жолугушуулар эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн бир бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү максатын көздөйт.

Жолугушуунун катышуучулары, өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн быйыл дагы жогорку деңгээлде биргеликте улантуу боюнча пикир алмашты.

Эске салсак, өткөн жылы «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун аймагында 6800 даана көп жылдык дарактардын көчөттөрүн отургузган. Мындан тышкары, компания айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жергилкитүү коомчулуктун бир катар долбоорлорун колдоого алып келет. Мисалы, Кумтөр мурдагы жылы Саруу айылында желим баштыктарды жана буюмдарды кайра иштетүүчү цехтин жабдыктарын сатып алууга каржылык көмөк көрсөткөн.

Айыл өкмөт башчылары «Кумтөр Голд Компаниге» жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган социалдык долбоорлорго дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

400