7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду

903

Курман болгон аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ардагерлеринин көмөгү менен Бишкек шаарынын Малдыбаев-Ахунбаев, Тыналиев-Ахунбаев, Киев — Байтик Баатыр жана Чүй-Кулиев проспектилеринин кесилишинде жайгашкан билборддорго Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатактан улам курман болушкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери: улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдин, катардагы жоокер Айбек Абдилабековичтин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналган баннерлер орнотулду.

«Ушул сыяктуу ар бир окуя эрдиктин жана Аскердик антка берилгендиктин белгиси болуп эсептелет. Аскер кызматкерлери менен милиция кызматкерлери Ата Мекенди коргоо өзгөчө милдет экенин тереңден түшүнүү менен бул куралдуу кол салууга каршы киришти. Анткени, алар үчүн “Эрдик” деген жөн эле сөз эмес, күнүмдүк реалдуулук. Аларды өлкөбүздүн ар бир жараны таануга татыктуу»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

904