Бүгүн Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Усөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган.
Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курманжан Маматбай кызы (Курманжан Датка) Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык кеңешине караштуу Орке айылында көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө туулган.