7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш материалдарынын кымбатташы карапайым калкты кыйнадыбы?

1546

Учурда курулуш материалдардын баасы былтыркыга салыштырмалуу кескин кымбаттаган. Курулуш материалдарынын кымбаттыгынан улам аз айлык менен жашаган жарандар турак-жай тургузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай жатышкандыгын айтышууда.

«Быйыл өзгөчө Россиядан келген товарлар кымбаттады. Муктаж гана адамдар сатып алгандыктан былтыркыга караганда соода дагы азыраак болууда. Тактайлар былтыр 12миң болсо быйыл 15% ге көтөрүлүп, темирлер 30%ге жогорулады. Ал эми Канттан келген цементтин бир мешогу былтыр 300-320 болсо быйыл 350-370ге көтөрүлдү»,-дейт сатуучу Айбек Маратов.

Белгилей кетсек, кымбатчылык жыгач, цемент жана башка курулуш материалдарына караганда темирден жасалгандарга көбүрөөк таасир эткендей. Бишкектеги Баткен базарындагы сатуучуулар айрым товарлардын көлөмүнө Оруссиядан чектөө дагы киргизилгенин, баалар ошого дагы кымбаттаганын айтышууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1547