6-июль, ишембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +24…+29, Талас аймагында +23…+28, Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +19…+24, Нарында +21…+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +27…+29, Ош шаарында +32…+34, Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.