17-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын аймактарында +23…+28, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +32…+37 градус ысык болот.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +32…+34 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +34…+36 градус ысык болот. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +23…+25 градус жылуу болору күтүлүүдө.