Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августта Түркиянын борбор шаары Анкаранын борборунда жайгашкан Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин эң бийик эки катар имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул акция «ТОВВ» тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашкан.