Кечээ, 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүгүнө арналган кыргыз-казак эл аралык айтышында баш бейге 2 акынга ыйгарылды. Айтыш Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормониясында болуп өттү. Жыйынтыктоочу финалдык турда ар тараптан сегиз акын ат салышкан.
Алар: Бөрүбай Орозымбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эрженис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов (Казакстан) жана Амантай Ахманалиев, Айылбек Акматов, Кубат Тукешов, Жылдыл Жумаев, Мундузбек Борончуев (Кыргызстан).
Кош байгелүү кыргыз-казак айтышында баш байге Асылбек Маратов менен Айбек Калиевге берилди. Ар бирине 450 миң сомдон тапшырылды.
1-орунду алган Акматбек Султан уулу менен Асанбек Шугатаевге 350 миң сом,
2-орундагы Турат Жумаев менен Нурмат Мансуровго 250 миң сомдон,
3-орунда Кубат Тукешов менен Бөрүбай Орозумбетов 150 миң сомдон алышты.
Калган сегиз акынга 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилген.
Кыргыз-казак эл аралык «Айтыш- 2021» сынагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, төкмө акын Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата уюштурулган.
Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Республикалык «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.