Жолдошбек Ачикеев «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди
Анын дайындалышы боюнча чечим Кыргызстандын улуттук электр тармагынын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бүгүн улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Равшанбек Касымов командага жаңы башчыны тааныштырды. Буга чейин бул кызматты Эмил Куданалиев ээлеп келген.
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүп, бир катар маанилүү маселелерди, атап айтканда, жогорку вольттогу көмөкчордондордун жана электр берүү линияларынын капиталдык курулушу боюнча чечиши керек «, — деди Равшанбек Касымов.
Жолдошбек Ачикеев эмгек жолун «Кыргызэнерго» ишканасынан баштаган, андан кийин «Чыгышэлектро» ААКсында, Кыргызстандын Улуттук электр тармагы ААКсынын Ысык-Көлдөгү филиалында иштеген. 2015-2019-жылдары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын техникалык директору, эксплуатациялоо жана оңдоо департаментинин директору кызматтарын аркалаган. 2019-2020-жылдары улуттук энергохолдингдин энергияны өндүрүү жана берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2020-жылы — «Электр тармактары» ААКнын башкы директору. 2021 -жылдын февралынан тарта — Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.