Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 31-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 540-чакырымында болгон. Чоң жолдо Вольво менен ВАЗ-2106 кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен эки адам жеринде каза болгон. Куткаруучулар сөөктөрдү унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.