7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улакчылардын бейгесин ким кымырып алды? Бүгүн кайтарып беребиз дешкен

797

Кечээ, 21-августта улакчылар Ош облустук башкармалыктын алдына чогулуп, байгенин суммасы айтылгандан эки эсе аз чыгып калгандыгына нааразы болушту.

Буга чейин уюштуруучулар тарабынан улакчыларга көк бөрү боюнча мелешке жалпы фонддон 500 миң сом каралганы, 1-орунга 250 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом берилет деп айтылган. Бирок 1-орунга 90 миң сом, 2-орунга 63 миң сом, 3-орунга 20 миң сом берилген.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн жеңүүчүлөргө 100 миң сом, президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдинов 70 миң сом берген. Андан 1-орунга 40 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом эле берилип, улакчылардын нааразычылыктарын жаратышкан.

Улакчылардын айтымында, алар атайын аттарды Таластан, Токтогулдан жалдап алып келип, 1 айдан бери даярданышкан.

Облус жетекчилиги Зиядин Жамалдинов нааразы болгон улакчыларды кабыл алып, каражатты бөлүштүрүү көк бөрү федерациясына милдеттендирилгенин, уюштуруу ишинде кемчиликтер кеткендигин моюндаган. Ошону менен бирге, бүгүн, убадаланган калган каражаттар да ээсине кайтарылаарын убада кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798