7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыйында Авазбек Абдугапаров ант берип, депутаттык мандатка ээ болду

984

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеӊештин каникулдан кийинки алгачкы жыйынында «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын депутаты Абдугапаров Авазбек Абибулаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кыргызалтын» компаниясынын башчылыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келген.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

985