Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары ишке чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү.
Жыйында төрага Талант Мамытов: “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деп депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ошондой эле бүгүнтөн баштап фракциялардын жана комитеттердин иштери башталарын баса белгиледи.