7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз кызы Германияда депутаттыкка ат салышат

741

Бермет Абдрахманова Германиянын Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Ийгилик каалап, бата бердим. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист. Бермет Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Мен ийгилик каалап бата бердим. Берметтин депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет. Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган деңгээлге жетишти»- деп жазган ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742