Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Чек ара кызматы Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы туулган И.к.Б, жана 2001-жылы туулган Г.у.Б., аттуу жарандары катуу жаракат алышты.
Г.у.Б., атуу Кыргызстандын жаранынын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.
Ал эми Кыргызстандын Самаркандек айылынын И.к.Б., атуу жараны ок ич көңдөйүнө кирип, бел бөлүгүнүн октон жаракат алды. Ичине кан толуп, 3 даражадагы травматикалык шок алып, абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж.
Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.
«Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан»,- деп берилет маалыматта.