Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Аэропорттун флагштокторуна ШКУ Саммитине катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.