Саат 16.00гө карата Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жерлигинде ок атышуу токтоду.
«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда»,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, таңкы саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар болгон.