7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

488

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти.

Саммиттин аянтчасында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев;
— Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
— Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489