7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды

454

Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып, старт берди.

Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.

Алдыда биринчи этапта 420км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат.Бул иш аракеттер жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.

455