Бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык: «Саат 06:00дө тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо.
«Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштады. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”,-деп берилет маалыматта.