7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери менен “Самарканд Жибек жолу” туристтик комплексинде бак отургузууга катышты (ФОТО)

325

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузууга катышты.

Символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү.

Ошондой эле, Садыр Жапаров өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.

“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

326