Бүгүн, 14-сентябрь, саат 10:00гө карата Баткенде медициналык мекемелеринде чек арадагы чырдан жабыркагандар түшкөн жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалымат берди.
«Стационарларда кандын компоненттери, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар», — деди ал.
Учурда Баткен облусунун бардык медициналык мекемелери жана тез жардам кызматтары күчөтүлгөн режимге өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.