7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасынын 14 чакырым тилкеси макулдашылды

619

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 12-октябрдан 18-октябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620