7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды

646

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү.

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

647