Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жаңы төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Турдукожоев Кубанычбек Асанбекович, Рисбаев Кубанычбек Эркимбаевич жана Өмүралиев Бекмурза Асаналиевич төраганын орун басарлары болуп дайындалды.
Эске салсак, буга чейин “Кыргызалтын” ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кеткен.