7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан 2021-жылы саякаттоого ылайыктуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди

137

Улуу Британиянын The Guardian гезити 2021-жылы саякаттоого ылайыктуу өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, биринчилерден болуп ага Кыргызстанды киргизди.


Макаланын автору Кыргызстанды идеалдуу «стан» деп атады.


«Ковид мүмкүнчүлүк берсе, биз Кыргызстанга барабыз. Бул өлкө туристтер бузуп жетише элек идеалдуу жерде жайгашкан. Бишкек — заманбап шаар, ал эми айыл жергесинде салт-санаасын сактап жашаган көчмөндөргө жолукса болот. Кыргызстан — тамак-ашы даамдуу дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири», — деп жазат Минни Мартин аттуу окурман.


Кыргызстандан тышкары ал тизмеге Шотландия, Улуу Британия, Украина, Грузия жана башка өлкөлөр кирди.


The Guardian — Улуу Британияда күн сайын чыгуучу белгилүү гезит. Ал күнүнө 160 миңден ашуун нускада чыгарылат. Гезиттин онлайн версиясы да абдан атактуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

138