7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен ЭӨАнын ортосундагы каржылык макулдашуу ратификацияланды

363

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Бул долбоор Ош облусунун 11 айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана курууга, Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылындагы көп кабаттуу үйлөр үчүн саркынды сууларды чыгаруу системасын курууга, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында санитарияны өнүктүрүү максатында үй чарбалары үчүн дем берүүчү гранттар программасын каржылоого жана суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча муниципалдык ишканаларга атайын техниканы сатып алууга багытталат.

364