7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары Астанада жолугат

388

19-майда ТИМде тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Пакистандын Кыргызстандагы эдчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө элчи Хасан Али Зайгам 18-майда Бишкек шаарында чет элдик студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат алууда көрсөткөн жардамы үчүн, кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары А.Атаханов бул окуя жөнгө салынып, кырдаал Укук коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө экенин, бардык тиешеси барларга карата иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Тараптар 21-майда Астана шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дардын жолугушуусун уюштурууну макулдашышты.

Мындан тышкары, бүгүн тараптар Кыргызстан менен Пакистандын Тышкы саясат мекемелеринин жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштурат.

389