7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду

449

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жыл ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда системалуу түрдө жогорку жана эң жогорку деңгээлде ишенимдүү саясий диалог түзүлүп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, региондор аралык жана парламенттер аралык мүнөздөгү маселелер алдыга жылдырылды.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы финансылык, техникалык, гуманитардык көмөк көрсөтүү, анын ичинде евразиялык интеграциянын алкагында, ошондой эле COVID-19, терроризм, баңги заттарды сатуу ж.б. сыяктуу азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенишет.

Кыргыз-россия соода-экономикалык мамилелеринин активизациялоонун өңүтүндө, анын ичинде Евразиялык экономикалык мейкиндигине интеграциялоо аркылуу 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү чечими кабыл алынган. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (РКӨФ) түзүлүп, анын алкагында  өндүрүштүк жана иштетүүчү өнөр жай чөйрөсүндө, анын ичинде агро өнөр жай, транспортук жана инфратүзүмдүк секторундагы долбоорлор ишке ашырылууда.

Тараптар мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык инструменттерин жигердүү пайдаланып, бардык деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштар ийгиликтүү жүргүзүлүүдө, 1997-жылдын 10-октябрында түзүлгөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы (ӨАК) ийгиликтүү иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө пандемияга байланыштуу оор шарттарга карабастан Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Тараптар соодадагы өз ара мамилелерин сактап калышты, ал эми кээ бир багыттарда күчөтүштү. Өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 2,2 млрд АКШ долларга жетип, 46,5%га өстү, ал эми Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорт 38%га өстү. Россия Федерациясынан түз инвестициялар 2021-жылы Кыргызстанга келген жалпы чет элдик инвестициянын жалпы көлөмүнөн дээрлик 60%ды түзөт.

Парламенттик дипломатиянын механизмдери активдүү колдонулууда, Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссия ийгиликтүү иштеп жатат.

Региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулбай калган жок: Кыргыз-Россия региондор аралык конференция иштеп жатат, Кыргыз-Свердлов, Кыргыз-Санкт-Петербург МБКлар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен болгон соода-экономикалык мамилелерди Россиянын 72 региону колдойт, эки тараптуу сооданын чоң үлүшү эки өлкөнүн региондорунун өнөктөштөрүнүн операцияларына туура келет.

Маданий-гуманитардык кызматташтык билим берүү, илим жана саламаттык сактоо тармактарын камтуу менен алдыга жылууда. 1993-жылдан бери республикада Кыргыз-Россия Славян университети иштеп келет. Россия өкмөтү жыл сайын кыргызстандык абитуриенттерди Россия Федерациясынын окуу жайларына мамлекеттик бюджеттик окууга кабыл алуу үчүн квота бөлөт. Бүгүнкү күндө Россиянын ЖОЖдорунда 15285 Кыргыз Республикасынын жараны, анын ичинде 6408 адам россиялык бюджетинин эсебинен билим алууда.

Эмгек миграциясы россия-кыргыз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспекти бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизди, ишке орношуу үчүн уруксат кагаздарын алуу, орус тилин билүү үчүн сынак тапшыруу жана башка процедуралык аспекттерге байланыштуу маселелер чечилди, 2021-жылдын январынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары да пенсиялык камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен эки тараптуу кызматташтыктын алкагында да, эл аралык уюмдардын алкагында да жалпы баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга негизделген союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнү көздөйт.

Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекеттеринин, өкмөттөрүнүн, парламенттеринин жана тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде куттуктоо каттар менен алмашуу болду.

Атап айтканда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун дарегине жолдогон куттуктоосунда, үч он жылдыкта конструктивдүү саясий диалогду куруу, ошондой эле ишеним жана өз ара колдоо нугунда өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн негиздерди түзүүгө өлкөлөр жигердүү иштеп жатканы белгиленген.

Өлкөлөрдүн жана элдердин достугу мезгилдин жана жалпы тарыхтын сыноосунан өткөн узак мөөнөттүү бир туугандык мамилелерге негизделген. Бүгүнкү күндө тараптар көп кырдуу кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүүгө мамлекеттердин өз ара умтулуусун ырастап жатканы маанилүү.

Кыргыз-россия мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, Министр юбилейлик жыл жаңы жетишкендиктер жана эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин ийгиликтүү ишке ашуусу менен коштолооруна ишеничин билдирди, ал стратегиялык өнөктөштүктүн практикалык негиздерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун куттуктоосунда бул жылдар аралыгында союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен россия-кыргыз мамилелери салттуу түрдө көп жылдык жалпы тарыхка жана элдердин достугуна, таламдардын жалпылыгы, тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принциптерине негизделгени баса белгиленет.

Бул мезгилдин ичинде кызматташтыктын бардык турмуштук маанилүү багыттары боюнча олуттуу прогресске жетишуугө мүмкүн болгондугу белгиленген. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы тышкы саясий жолдо калыптанып калган конструктивдүү өз ара аракеттенүү тынчтыкты чыңдоо, евразиялык мейкиндикте туруктуу өнүгүү, Борбордук Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында мындан ары да бекемделе берерине ишеним билдирилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450