7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыкты

310

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына барып, боору алмаштырылган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Дарыгерлердин консилиумунан кийин эки бейтап тең үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою дарыгерлер, анын ичинде хирург, трансплантолог, гастроэнтеролог, реаниматологдор алардын абалдарына дыкат көзөмөл жүргүзүп турушту. Бейтаптардын гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча тесттери, ошондой эле УДИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөрү оң натыйжаларды көрсөттү. Учурда реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

Бейтаптар президент Садыр Жапаровго, министрге жана операцияга катышкан бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирди.

«Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операция биздин жарандар үчүн акысыз болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Ар бир жараныбыз керектүү жардамды жогорку деңгээлде ала алышы үчүн өлкөбүздө медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта бермекчибиз”, — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады. Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги башка да бейтаптарды операциялардын кийинки этабына даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат. Анын ичинен төртөөнө ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Түркия жана Кыргызстандын жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда боорду акысыз алмаштыруу операциясы жүргүзүлгөн. Операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланды.

 

311