Кыргызстандын №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо башталды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарыбагышев, жана Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болгон.
Жалпы бардыгы 311 миң 253 шайлоо бюллетени даярдалды.