7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 64 чет элдик жаран депортацияланат

705

Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

14-апрель күнү убактылуу жер которуп жашап жүргөн Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар аныкталып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнүн тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөйү болуп жатканы аныкталды.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

706