7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жаңы беш кесип даярдала баштайт

651

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйынында министр Каныбек Иманалиев билдирди.

Бул жерде 5 жаңы кесип даярдалат:

  • климаттык өзгөрүү,
  • урбанистика,
  • жасалма интеллект,
  • логистика,
  • IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча Меморандумга кол коюлгандыгын, 8 колледж Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Росссия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле министр 2024 — жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652