2026-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда 33 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 24 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууда билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөдө 7 өзгөчө кырдаал катталган. Быйыл алардын саны 26 учурга көбөйгөн.
Алты ай ичинде өлкө боюнча 1 миң 258 өрт жана 280 сел катталган. Селдин кесепеттерин жоюуга 775 техника жана 4 миң 114 куткаруучу тартылып, кооптуу аймактардан 149 адам эвакуацияланган.
Мындан тышкары, селден жабыркаган 1 миң 874 турак үй жана короо, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык жана канал, ошондой эле 96,5 чакырым жол тазаланган.
ӨКМ билдиргендей, жыл башынан бери куткаруучулар ар кандай өзгөчө кырдаалдарда 197 адамдын өмүрүн сактап калышты.
Ошондой эле табигый кооптуу аймактарды аныктоо үчүн 1 миң 322 мониторинг жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 5 миң 801 метр дамба жана 131 метр темир-бетон тосмо курулган.



